Бишкекте дарыгерлер 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 кг чач алып чыкты (видео)

Бишкекте дарыгерлер 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 кг чач алып чыкты (видео)

Бишкектеги Улуттук госпиталда хирургдар 18 жаштагы кыздын ашказанынан 4 кг кесек чач алып чыгышты. Бул тууралуу Улуттук госпиталдан билдиришти.

Маалыматка караганда, сентябрь айында 18 жаштагы кыз ооруканага жүрөгү айланып, тамактан кийин кусуп жатканын, тамакты аш кыла албай жатканын айтып кайрылган. Ал арыктап кетип, каруусу жок болгон.

Дарыгерлер аны текшергенден кийин ашказанында безоар (инородное тело) бар экенин аныкташкан. Жыйынтыгында бейтап кыз операцияга даярдалып, операцияны хирургдар Абдулла Матмуратов менен Тамерлан Жумабеков жасаган. Операция ийгиликтүү жасалып, ашказанга тамак өткөрбөй жаткан чач алынган. Анын узундугу 35 см, салмагы дээрлик 4 килограммды түзгөн.

Операциядан кийин ал тамак ичип, куспай калган. Бир нече күн мурда ал катааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>