Бишкекте муниципалдык ECO TAXI ишке кирди

Бишкекте муниципалдык ECO TAXI ишке кирди

Бишкекте  экологиялык таза транспортту өнүктүрүү демилгесинин алкагында муниципалдык ECO TAXI ишке кирди. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Долбоордун биринчи этабында шаардыктарды 10 электр унаасы тейлейт.

Такси Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен 12-кичи районуна чейин белгиленген сары тилке боюнча саат 07:00-10:00 жана 17:00-20:00гө чейин жүрөт.

Отургузуу баасы — киши башына 50 сом.

ECO TAXI экологиялык транспорт үчүн атайын тилкеде жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Таксилер заманбап электр жабдуулары жана GPS навигациясы менен жабдылып, айдоочулар атайын окуудан өтүштү.

Мэриянын маалыматында, жакынкы арада htps://etaxi.kg/ сайтынан ар бир электр унаасынын геолокациясын онлайн режиминде көрүүгө болот.

Муниципалдык ECO TAXI диспетчердик кызматына +996 (706) 22 22 76 (WhatsApp, Telegram) телефону аркылуу кайрылууга болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>