Кемин районунда ак илбирс байкалды: жырткыч дарактан аман-эсен түшүрүлдүКемин районунда ак илбирс байкалдыКыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди себүү аяктадыСаламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирдиРоссияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилди
Нарын ОИИБдин кызматкерлери эрежесиз эр мушташта байге утушту
02.10.2023 | 23:18
Ушул жылдын 30-сентябрында Нарын шаарында “ММА ONE X ONE” уюмунун демилгеси менен Эл аралык “Эрежесиз эр мушташ” мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти
Аталган мелдешке чет өлкөдөн жана жети дубандан келген мушкерлер катышты. Жыйынтыгында Нарын облусунун атайын операция отрядынын ыкчам өкүл жоокери, милициянын сержанты Сыймык Тенти уулу 67 кг салмакта “ММА ONE X ONE” мушташынын чемпиондук куруна ээ болду жана октябрь айында боло турчу дүйнөлүк беттешке жолдомо алды.
Ошондой эле Нарын облусунун атайын операция отрядынын жоокерлери жана Нарын районунун кызматкери байгелүү орундарды ээлешти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт