Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөт эки тараптуу жолугушуу тууралуу айтты

Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөт эки тараптуу жолугушуу тууралуу айтты

Бүгүн, 2-октябрда Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

“Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча  олуттуу пикир алмашуу болду. Делегациялардын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүшүн андан ары сыпаттоону активдештирүү зарылдыгы тууралуу толук түшүнүшүү менен жумушчу топторго тийиштүү тапшырмаларды беришти.

Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелериндеги долбоордук линияны сыпаттоо боюнча ишин улантышат», — жеп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара райондорунун ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдөө, ошондой эле чек ара облустары менен эки мамлекеттин райондорунун ортосундагы кызматташуу боюнча активдүү иштерди улантуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов социалдык тармакта “чек ара маселеси боюнча тарыхый чечим кабыл алынганы” тууралуу маалымат тараткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>