Бишкек шаарында Ленин райондук милициянын кызматкерлери тарабынан «Селсаяк» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чара 7-октябрда өткөрүлүп, Ленин районунун аймагында туруктуу жашаган жери жок селсаяктык жана кайырчылык кылган адамдарды аныктоого багытталган.
«Аталган иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан туруктуу жашаган жери жок 35 жаран аныкталды.Ошондой эле, өздүгүн тастыктаган документтери жок жарандар сүрөткө тартылып, манжа издери алынып, каттоого алынган. Алардын ар бири менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз