Москвада 6-кабаттан кулаган кыз Бишкекке алынып келинди

Москвада 6-кабаттан кулаган кыз Бишкекке алынып келинди

Москвада үйдүн 6-кабатынан кулаган Болотбек кызы Мээрим Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Ал Бишкек аэропортунан тез жардам бригадасы менн 4-шаардык ооруканага жеткирилди.

Болотбек кызы Мээрим  14-сентябрда кырсыкка учурап,  оор жаракат менен тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Кулап түшкөндүгүнүн себеби жөнүндө азырынча эч нерсе белгисиз. Ага Москвада шашылыш операция жасалган. Бейтаптын Россияда дарыланууга акчасы жетишсиз болгондуктан ал Кыргызстанга жеткирилди.

Министрликтин маалыматында, мигранттын милдеттүү медициналык полиси жок,  эмгек келишимин түзүлбөй, социалдык төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам мекеме чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерге ишке орношууда мыйзамдын талаптарын аткарууга чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>