Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бишкек: Ленин районунда рейд учурунда 35 селсаяк аныкталды (видео)
09.10.2023 | 11:39
Бишкек шаарында Ленин райондук милициянын кызматкерлери тарабынан «Селсаяк» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чара 7-октябрда өткөрүлүп, Ленин районунун аймагында туруктуу жашаган жери жок селсаяктык жана кайырчылык кылган адамдарды аныктоого багытталган.
“Аталган иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан туруктуу жашаган жери жок 35 жаран аныкталды.Ошондой эле, өздүгүн тастыктаган документтери жок жарандар сүрөткө тартылып, манжа издери алынып, каттоого алынган. Алардын ар бири менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом