Саясатка таасир бере баштаган. Көлбаевдин тобунун 40 мүчөсү кармалды

Саясатка таасир бере баштаган. Көлбаевдин тобунун 40 мүчөсү кармалды

Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) кылмыштуу тобунун 40 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Уюшкан топко тиешелүү коопсуздук агенттиктериндеги заманбап ок атуучу куралдар жана техникалар толугу менен алынды.

Коопсуздук кызматы Көлбаев 2008-жылдан бери “кылмыштуу империяны” түзүп, анын жардамы менен өзү жана жакындары мыйзамсыз жол менен байып келгенин белгилейт. Ал  Кыргызстандагы гана эмес,  чет өлкөлөрдөгү дагы орто жана ири бизнестин өкүлдөрүн тоноп турган. Уюшкан топ криминалдуу жол менен тапкан акчасын мыйзамдуу бизнеске жашынып, адалдаштыруу аракети менен жана бизнес структураларды түзүүгө жетишкен.

“Камчы Көлбаев жазага тарбылбастыгын билип, өлкөдөгү саясий процесстерге таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө жетишип, улуттук коопсуздукка олуттуу коркунучтарды жараткан. Айрым  адамдар, анын ичинде чоң кызматтагылар, саясатчылар анын таасир астында калып, кээ бирлериү криминалдык авторитеттин “достугуна жана колдоосуна” умтулушкан”, — дейт УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>