КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар
Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды
09.10.2023 | 16:40
Бишкекте 27 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-октябрга К.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл 18-июлда Р. аттуу жаран ишенимине кирип, баасы 65 миң сомдук iPhone 13 Pro телефонун колдонуп турам деп алып, андан кийин сатып жиберген. Телефонду саткандан түшкөн акчаны коротуп салган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 27 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери улаануда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз