Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унааларды өткөрүүчү постторду көбөйтүү сунушталды

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унааларды өткөрүүчү постторду көбөйтүү сунушталды

Казакстанга оор жүк ташуучу унааларды чек арадан өткөрүүчү посттордун санын көбөйтүү сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Нурланбек Жалбиев билдирди.

Анын маалыматында, бүгүнкү саат 15.00гө карата чек арада 160 жүк ташуучу транспорт кезекте турат. Ал муну айыл-чарба товарларынын экспорттоо сезону менен байланыштырды.

Нурланбек Жалбиевдин айтымында, чек арадагы тыгындардын алдын-алуу үчүн «Кең-Булуң», «Токмок» посттору аркылуу дагы оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү сунушталган.

«Казакстан тарап ал жактагы көпүрөлөр көптөн бери колдонбой жатканын, аны текшерүү керектигин айтышкан. Жакында көпүрөөлөрдү текшерип чыгабыз. Андан сырткары, аталган эки постто кошуналардын инспекциялык көзөмөлдөрү жок. Ошого дагы макул болбой жатышат», — деди ал.

Депутаттар ЕАЭБтеги Кыргызстандын министрлеринин ишин сынга алып, дыйкан-фермерлерге күзгү түшүмүн экспорттоодо шарт түзө албай жатканын айтышты.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Казакстан менен сүйлөшүү октябрь аягына пландалганын белгиледи.

Белгилей кетсек, август айында дагы кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болуп, айрым маалымат каражаттары аны Кыргызстан Казакстанга суунун агымын азайтканы менен байланыштырган. Тыгын президент Касым-Жоомарт Токаевдин тапшырмасынан кийин жоюлган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, 5-октябрь күнү чек арада топтолгон унаалардын саны 569ге жеткен. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>