Чек арада айыл-чарба товарларына өзүнчө коридор түзүү сунушталды

Чек арада айыл-чарба товарларына өзүнчө коридор түзүү сунушталды

Депутат Кубанычбек Самаков кыргыз-казак чек арасында айыл-чарба товарлары үчүн өзүнчө коридор түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук, коргонуу жана миграция комитетинин жыйынында билдирди.

Эл  өкүлүнүн айтымында, Казакстан батыш өлкөлөрүнүн талабы менен санкцияга кирген товарларды Россияга өткөрбөө аракетин көрүүдө.

«Аларга биздин алма кызыктуу эмес, алар дрон жана башка санкцияга кирген товарларды издеп узак текшерүү жүргүзүп жатат. Бизге айтпаганы менен өткөрүү пунктарында жүргүзүлгөн атайын операциянын себеби дагы ушул. Андыктан, реэкспорт менен келген тиричилик техникаларын жана башка товарларын  текшерип, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба товарларын өзүнчө коридор менен өткөрүшсө», — дейт ал.

Белгилей кетсек, август айында дагы кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болуп, айрым маалымат каражаттары аны Кыргызстан Казакстанга суунун агымын азайтканы менен байланыштырган. Тыгын президент Касым-Жоомарт Токаевдин тапшырмасынан кийин жоюлган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, 5-октябрь күнү чек арада топтолгон унаалардын саны 569ге жеткен. 9-октябрга, саат 15.00гө карата чек арада 160 жүк ташуучу транспорт кезекте турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>