Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Орусиядан депортацияланган кыргызстандыктар Бишкекке келишти
10.10.2023 | 21:32
Орусиядан Казакстанга депортацияланган кыргызстандыктар Бишкекке келишти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, министрлик 13 кыргызстандыкты мекенине жеткирүүгө көмөк көрсөттү.
Миграция башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетованын айтымында, кыргызстандыктар автобус менен Казакстандын Урал облусунан Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен алынып келинди.
Орусияда эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктар керектүү миграциялык процедуралардан өз убагында өтө албай, Россиядан Казакстанга депортацияланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар