Активист Адилет Балтабай 8 сааттан ашык дайынсыз болууда

Активист Адилет Балтабай 8 сааттан ашык дайынсыз болууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кармап кеткени айтылган активист Адилет Балтабайдын каякта экени белгисиз, ал 8 сааттан ашык дайынсыз болууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге активисттин жубайы Гүлкайыр Жапарова билдирди.

Жапарованын айтымында, бүгүн, 10-октябрда алардын үйүнө «Сокулук райондук милициянын кызматкерибиз» деген адамдар келип, жолдошун издеп кеткен. Бирок ал учурда Адилет Балтабай үйүндө болгон эмес.

Жапарова билдиргендей, ал жолдошу менен болжол менен саат 13:00до сүйлөшкөн. Анда Адилет Балтабай Сокулук районундагы пробация органына кезектеги каттоо үчүн кирип бара жатканын, ал жакта күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күтүп турушу жана кармап кетиши мүмкүн экенин айткан. Себеби пробация органынын кызматкерлери ага чалып, тезирээк келүүсүн суранган.

Андан кийин анын телефону өчүк болуп, туугандары активист менен байланыша алган эмес.

Болжол менен саат 15:00дө Жапарованын кайненеси Адилет Балтабайды издеп келген өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырган адам менен сүйлөшкөн. Ал Адилет Балтабай менен сүйлөшүп жатышканын билдирген.

Кечинде саат 19:00дөрдө алар жактоочу менен Сокулук райондук милициядан сураштырып издегенде, Адилет Балтабайды алар кармабаганын айтышкан.

Активисттин жакындары Адилет Балтабайды УКМКнын кызматкерлери кармап кеткени айтылып жатканын билдиришти. Бул тууралуу аларга пробация органынын кызматкерлери айткан.

Белгилей кетсек, бүгүн Адилет Балтабай «Фейсбуктагы» баракчасына анын үйүнө укук коргоо органдарынын кызматкерлери келгенин, ал учурда үйүндө болбогонун билдирген. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери аны Камчы Көлбаевдин өлүмү тууралуу түз эфир жасаганына байланыштуу издеп келген.

УКМК Адилет Балтабай кармалып-кармалбаганы тууралуу маалымат бере элек.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Бишкектин Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Быйыл 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган.

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Адилет Балтабайды кармап кетти

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>