Жол эрежесин бузуудагы айып пулдун үстөк пайызын жоюу пландалууда

Жол эрежесин бузуудагы айып пулдун үстөк пайызын жоюу пландалууда

Бүгүн, 10-октябрда  Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору тууралуу маалымат менен ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев тааныштырды.

Мыйзам долбоору дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Кыргызстанда түзүлгөн экономикалык кырдаалды эске алуу менен, ошондой эле республиканын калкынын социалдык-экономикалык абалына жана бүтүндөй өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды эске алуу менен иштелип чыккан. Тактап айтканда,  жол эрежесин бузуудагы айып пулдардын үстөк пайызы жоюлуп жатат.

Талкууда депутат Русланбек Жакышов аталган мыйзам долбоорун колдоого аларын белгилеп, шаар ичиндеги унаа тыгындарын болтурбоо максатындагы жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.

Депутат Алишер Эрбаев жол эрежелерин бузууда салынган айып пулдарга жеңилдик берүү туура эмес жыйынтык бергенин айтып, жаңы мыйзам долбоору тууралуу коомчулукту толук маалымдар кылууну белгиледи.  Аны менен катар, депутат мыйзам долбоору ишке ашса, үстөк пайыздар менен иштеген кызматкерлердин тагдыры эмне болот деген маселени козгоду.

Аталган мыйзам долбоорун комитет биринчи окууда колдоого алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>