Жаш кыз рулда: Кайгуул милициясы өспүрүмдөргө унаа бербөөнү эскерттиЖККУнун баш катчысы Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгын жогору бааладыУКМК жаш IT-адистерди жана дрон инженерлерин кызматка чакырдыСадыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай ортосундагы түбөлүк достук келишимин ратификацияладыМинкаб башчысы: Жасалма интеллект адамды алмаштыра албайтКыргызстанда Россия киносунун фестивалын “Август” тасмасы ачат
Психикалык жактан жабыркаган 51 миң адам каттоодо турат
11.10.2023 | 09:34
Психикалык жактан жабыркаган 51 миң 207 адам Республикалык психиатрия жана наркология борборунунда каттоодо турат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 450 миллиондон ашык адам психикалык же неврологиялык оорулар менен ооруйт.
Өлкөдө 10-октябрдан 10-ноябрга чейин психикалык саламаттыкка арналган айлык өтөт.
Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнү жыл сайын 10-октябрда психикалык ден соолуктун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана психикалык бузулуулардын стигмасы менен күрөшүү максатында белгиленет. Бул күн психикалык ден соолук көйгөйлөрү бар адамдарды колдоого жана түшүнүүгө үндөйт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом