Ошто кылмыштуулукту алдын алуу боюнча окуу-семинар өтүүдө

Ошто кылмыштуулукту алдын алуу боюнча окуу-семинар  өтүүдө

Ош облусунун аймагында улуттар аралык касташууларды болтурбоо, трансулуттук коркунучтардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун, жаштардын диний-экстремизмге тартылуусун алдан алуу максатында комплекстүү окуу-семинар башталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, социалдык мекемелер, орто мектептердин директорлору, имамдар жана бейөкмөт уюмдар катышкан.

«Семинар учурунда катышуучуларга видео-слайд сабактар өткөрүлүп, мындан сырткары атайын сахналаштырылган көрсөтүүлөр коюлуп, мыйзам-укуктук ченемдерге таянган профилактикалык түшүндүрмөлөр берилди», — деп айтылат маалыматта.

Жыйында облус башчысы Элчибек Жантаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, «кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту сактоо бир гана милиция кызматкерлери эмес, жалпыбыздын жоопкерчилигибиз жана милдетибиз» деген.

Иш-чаранын соңунда окуу-семинарга катышкан айыл өкмөттөрдөн келген, милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп, биргеликте иш алып барган жарандар ИИМдин сыйлыктары менен сыйланган..

«Бул иш-чара Ош облусунун бардык аймагында өткөрүлөт», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>