Кыргызстан менен Түркия коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөөнү көздөшүүдөБишкектеги ШКУ саммити: өлкө лидерлери кандай документтерге кол коюшту — тизмеӨКМ: 2-сентябрдан 5-сентябрга чейин Кыргызстанда сел жана суу ташкыны күтүлөтБУУ: Дүйнөлүк океандын деңгээли мурда болуп көрбөгөндөй тездик менен көтөрүлүүдөКырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этно-шаарчасы ачылдыБишкек уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун ишке киргизүүгө даяр — Садыр Жапаров
Жогорку Кеңеш 9 айда 893,1 млн сом чыгымдады
11.10.2023 | 09:08
Быйыл тогуз айда Жогорку Кеңештин чыгашасы 893 млн 171,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу “Акчабар” порталы Каржы министрлигинин маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл Жогорку Кеңешке 767,5 млн сом сарптоо пландалган. Кийин дагы 60 млн сом кошулган. Бирок ага карабастан тогуз айдын ичинде чыгашалар жылдык бюджеттен дээрлик 126 млн сомго ашкан.
Белгилей кетсек, акчанын басымдуу бөлүгү, 564,7 млн сому эмгек акы төлөөгө кеткен. Чыгашалардын ичинен экинчи орунда имараттар жана курулуштар (87 млн сом), үчүнчүдө башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу (76,3 млн сом) жана социалдык фондго чегерүү (76,3 млн сом) турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом