2023-жылдын алты айында 19 ата-эне балдарынан алимент талап кылып кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев билдирди.
Ал ата-энесин бакпай койгондордон алимент өндүрүү боюнча иш жүрүп жатканын белгиледи.
Парламентте ата-энесине алимент төлөбөгөн жарандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Анын автору Тазабек Икрамовдун айтымында, мыйзам долбоор боюнча улгайган жарандарга алимент чегерүү үчүн алардын арызы талап кылынбайт.
“Ата-эне баласына каршы арыз жазбайт экен. Эми алар Карылар үйүнө түшсө, мекеменин директору күч органдары аркылуу чара көрө алат”, — дейт депутат.
Мыйзам долбоору: Ата-энесин бакпагандар 2 жылга чейин соттолушу мүмкүн
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз