Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Алты айда 19 ата-эне балдарынан алимент талап кылып кайрылган
11.10.2023 | 10:58
2023-жылдын алты айында 19 ата-эне балдарынан алимент талап кылып кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев билдирди.
Ал ата-энесин бакпай койгондордон алимент өндүрүү боюнча иш жүрүп жатканын белгиледи.
Парламентте ата-энесине алимент төлөбөгөн жарандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
Анын автору Тазабек Икрамовдун айтымында, мыйзам долбоор боюнча улгайган жарандарга алимент чегерүү үчүн алардын арызы талап кылынбайт.
“Ата-эне баласына каршы арыз жазбайт экен. Эми алар Карылар үйүнө түшсө, мекеменин директору күч органдары аркылуу чара көрө алат”, – дейт депутат.
Мыйзам долбоору: Ата-энесин бакпагандар 2 жылга чейин соттолушу мүмкүн
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом