Кары ата-энесин бакпагандар абакка кесилет. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Кары ата-энесин бакпагандар абакка кесилет. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңеш колунда жок ата-энесин таштап кетип, алимент төлөбөгөн жарандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбоору депутат Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленген.

Икрамовдун айтымында, мыйзам долбоорунда эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж улгайган ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен, эмгекке жарамдуу жарандарга карата жазаны күчөтүү сунушталууда.

Мыйзам долбооруна ылайык, бойго жеткен жаран дени сак, аман-соо туруп ата-энесин карылар үйүнө калтырып, алимент төлөбөсө 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин абакка кесилет.

Ошондой эле «кайрымсыз» уул-кыздарга мамлекеттик жумушка орношууга да мүмкүн болбойт. Себеби мыйзам долбоордо ата-энесин кароосуз калтырып, акча төлөбөгөндөр мамлекеттик кызматка алынбайт деген норма бар.

Эми мыйзам долбоору экинчи окууда алымча-кошумчалары менен каралат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>