УКМК маркум кримтөбөл Көлбаевдин дагы бир кишисин кармады

УКМК маркум кримтөбөл Көлбаевдин дагы бир кишисин кармады

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирген «Казбек кара» каймана аты менен таанымал Казбек Билалов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Казбек Билалов Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Бишкектен кармалган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Билалов буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Ал Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

УКМК уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш уланып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Акыркы күндөрү Кыргызстандагы кримчөйрөгө тиешеси бар адамдар кылмыш дүйнөсүнөн баш тарта турганын, мыйзам боюнча жашай турганын айтып чыгышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>