Кабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен тааныштыМСК 1-майга чейин кимдер салык декларациясын тапшырышы керектигин эскертти
Ош мэриясы Акжол Махмудовго 500 миң сом сыйлык тапшырды
13.10.2023 | 10:58
Ош шаарынын мэриясы балбан Акжол Махмудовду дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, калаа башчысы Бакытбек Жетигенов Дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудовго 500 миң сом, машыктыруучусу Майрамбек Ахмедовго 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.
Кыргыз балбаны Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалда Азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешип, жеңишке жеткен. Бул балбандын дүйнө чемпионатында уткан экинчи алтын медалы болду.
Өткөн жылдын сентябрь айында өткөн дүйнө чемпионатында венгриялык спортчу Золтан Леваини биринчи бөлүктө эле жеңип чемпион аталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом