Эмомали Рахмон Бишкекте Путин менен сүйлөшүү жүргүзөт

Эмомали Рахмон Бишкекте Путин менен сүйлөшүү жүргүзөт

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келди. Аны  “Манас” эл аралык аэропортунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Ал дагы КМШ лидерлеринин саммитине катышат.

Министрлер кабинетинин маалыматында, Бишкекте Рахмон менен Путиндин сүйлөшүүсү күтүлөт.

Белгилей кетсек, кечээ Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапары болуп өттү. Анын соңунда Россия президенти Бишкекте Азербайжан лидери Илхам Алиев менен жолугушуу өткөрдү.  Кремлдин маалыматында, эки өлкө башчысы Карабахтагы кырдаалды талкуулады.

КМШ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйыны бүгүн 13.00дө башталат. Иш чарага Владимир Путин, Илхам Алиев,  Александр Лукашенко, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаев катышат. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинен  Армениянын премьер-министри Никол Пашинян гана отурумга катыша албайт.

Саммит «Ала-Арча» мамлекеттик резидециясында өтөт.

издин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>