АКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алдыКазакстандын өкмөтү Кыргызстан жана Өзбекстан менен суу берүү маселесин талкууладыЧүйдөгү “Кемин” чек ара заставасы толук реконструкцияланды
Жалал-Абадда 133,4 млн сомго таштанды ылгоочу ишкана салынат
17.10.2023 | 18:00
Жалал-Абад шаарында таштанды жайынын аймагында таштанды ылгоочу ишкана салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, сынак шаардык мэриянын Капиталдык курулуш департаменти тарабынан жарыяланып, ишкананын курулушуна 133 млн 400 миң сом каралган.
Сынак боюнча арыздар 31-октябрга чейин кабыл алынат. Келишим түзүлгөндөн кийин сынакты жеңип чыккан компания 210 күндүн ичинде таштанды ылгоочу ишкананын курулушун бүткөрүшү керек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом