Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкек мэри шаарда метро курулабы деген суроого жооп берди
14.10.2025 | 18:06

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаага метро куруу маселеси боюнча “Ала-Тоо 24” каналына берген маегинде жооп берди.
Анын айтымында, шаардын башкы планын иштеп жаткан адистер метро куруу кымбатка түшүр каларын айтышкан.
“Азыр ушул башкы планды иштеп аткан адистер метрону куруу кымбат жана өзүнүн актай турган мөөнөтү дагы абдан узак болорун айтып жатышат.. Алар бул кандай бир таасир дагы бербеши мүмкүн деген ойдо болуп жатышат. Ошондуктан көбүнчө азыр автобустарды тууралап, кыска маршруттарга бөлүнгөн жол тилкелерин жана башка нерселердин баарын иштеп чыга беребиз. Анан (адистер) трамвайга кызыгып жатышат”,- деп билдирген ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом