УКМК К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
УКМКдан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган:
— «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;
— Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
— «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;
— «Бурана Резорт» эс алуу борбору.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз