2024-жылы пенсияны көбөйтүүгө 949 миллион 714 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун эмки жылга бюджетинин долбоорунда маалымдалат.
Маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн бир жылга 608 миллион сом каралды.
Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети 106 миллиард 982 миллион сомду түзүп, чыгашасы 105 миллиард 95 миллион болот. Профицит 1 миллиард 886 миллиондон ашат.
Фонд 898 миллион сомду депозит жана акциялардан киреше катары алмакчы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз