Социалдык мекемелер нанды “Бишкекнаабайканадан” сатып алууга милдеттендирилет

Социалдык мекемелер нанды “Бишкекнаабайканадан” сатып алууга милдеттендирилет

“Бишкекнаабайкана” муниципалдык ишканасы борбор калаанын социалдык мекемелери үчүн нан азыктарын чыгарган жалгыз ишкана болот. Тиешелүү токтом Бишкек шаардык кеңешинин сайтында жарыяланды.

Документте ишкана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу социалдык мекемелер, ошондой эле мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдары үчүн нан жана нан азыктарын чыгаруучу ишкана болоору айтылат.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы жана Бишкек шаарынын мэринин транспорт жана курулуш маселелерин тескеген орун басары жүргүзөт.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде мектептер, ооруканалар, ички иштер органдары жана башкалар өздөрүнүн муктаждыктары үчүн «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасынан нан азыктарын сатып алышы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>