Асад, Жапаров, Эрдоган. Эр-Риядда Палестина маселеси талкууланат

11.11.2023 | 11:18

Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин кезексиз саммитине катышат. Ал бүгүн Сауд Арабияга барды.

Саммитте Палестина-Израиль жаңжалын талкууланат.

Ага Тажикстандын президентти Эмомали Рахмон, Түркия лидери Режеп Эрдоган, акыркы 10 жылдан бери саммитке келбеген Сириянын башчысы Башар Асад, Ирандын жетечиси Эбрахим Раиси жан башка мамлекеттердин жетекчилери катышат.

Коноктор The Ritz-Carlton отелинде жайгашканы кабарланды.

Белгилей кетсек, Бишкекте эки жолу Израилдин чабуулуна жана блокадасына кабылган Газа секторун колдоп 2 митинги өттү. Ал жарандык активисттер тарабынан уюштурулду.

Ага чейин Жогорку Кеңеште Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга карата Кыргызстандын көз-карашын билдирүү,  Газага гуманитардык жардам берүү маселесин көтөрүлгөн. Депутаттар бир күндүк маянасы Палестинага которуу токтомун кабыл алышкан.

Муфтият “Палестинага жихад” кайрылуусуна азгырылбоого чакырат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top