Мурунку аялын кызганып, эркек кишини сабаган адам кармалды

13.11.2023 | 22:51

Бишкек шаарында адамдын ден соолугуна анча оор эмес залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-октябрда милицияга П.В. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү 8-кичирайондо аны В.В. аттуу жаран сабап, денесине залал келтирген. Окуяга кызганыч себеп болгон — эркек мурдагы аялын кызганган.

Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1969-жылы туулган В.В. аттуу жаранды кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан соң сот аны 1 айга №1 СИЗОго камакка алган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top