Кыргызстанга жасалма документ менен унаа алып келишкен

Кыргызстанга жасалма документ менен унаа алып келишкен

Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы жасалма документтер менен автоунаа алып келүү фактысын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын жасалма документтеринини негизинде 2008-жылы чыгарылган «Mercedes-Benz Е 63»  үлгүсүндөгү унаа ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинде каттоодо турган фактысы аныкталган.

Россиянын Федералдык бажы кызматынан алынган маалыматка караганда, бул унаа Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат ресурстарында катталган эмес.

Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 3 109 606 сом зыян келтирилген.

Факт каттоого алынып, материалдар маңызы боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>