Баткенде узундугу 22 чакырым айланма жол курулду

17.11.2023 | 17:55

Баткенде узундугу 22 чакырымды түзгөн айланма жол курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган жол Ош – Баткен – Исфана жолунун Баткен шаарын аралап өткөн бөлүгүндөгү  унаа тыгындарын азайтуу, оор жүк ташуучу унаалардын шаарды айланып өтүүсү жана жарандардын коопсуздугун сактоо максатында салынган.

“Узундугу 16,2 чакырым болгон Чоң-Талаа – Кара-Бак – Баткен автожолу жана 6,2 чакырым болгон Баткен районунун Миң-Өрүк айылына кеткен жол курулуп, асфальт төшөлдү. Жалпы узундугу 22 чакырым болгон жол үчүн республикалык бюджеттен 190 млн сом каралган”, – деп айтылат маалыматта.

Бул жолдун пайдаланууга берилиши менен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Кара-Бак айыл аймактарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн жол 8 чакырымга кыскарат. Ошондой эле Баткен шаарына кирбей, шаарды айланып өтүүгө болот.

[image_carousel source=”media: 201519,201518,201517,201516,201515″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Scroll to Top