Кыргызстанда «АвтоУраган» стационардык комплекстери ишке киргизилди

Кыргызстанда «АвтоУраган» стационардык комплекстери ишке киргизилди

Өлкө боюнча «АвтоУраган» стационардык комплекстери ишке киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«АвтоУраган» комплекси мурда каттоосу токтотулуп издөөдө жүргөн унааларды, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуларды аныктап, издөө үчүн натыйжалуу курал болуп саналат. Бул тутум унаа жолдорунда жана көчө кесилиштерде унаалардын кыймылын көзөмөлдөөдө активдүү колдонулат.

«Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан “АвтоУраган” стационардык видеокамералары орнотулуп, көзөмөлгө алынды. Алар Нарын облусундагы “Сары-Чат” постунда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Чүй облусундагы Сосновка айылында, Ош облусунун Өзгөн шаарында жана Баткен облусунун Кадамжай шаарында орнотулуп, ишке киргизилди», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>