Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Чыңгыз Айтматовдун дагы бир чыгармасы боюнча тасма тартылат
21.11.2023 | 10:54
Кыргызстан жана Өзбекстан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повести боюнча биргелешип тасма тартуу тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Документке Кыргызстан тараптан Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов жана Өзбекстан тараптан Кинематография агенттигинин директорунун орун басары Шухрат Ризаев кол койгон.

Эскерте кетсек, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде бир катар көркөм тасма тартылтылган. Алардын ичинде “Эрте келген турналар”, “Жамиля”, “Кош, Гүлсары”, “Ак кеме”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Кызыл алма” жана башкалар бар. Жазуучунун айрым чыгармалары бир нече жолу тасмага түшүрүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз