Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Дагы бир кен иштеткен компания мамлекеттин карамагына өтөт
23.11.2023 | 11:20
Карба-Балта тоо-кен комбинаты банкрот болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, өкмөт “Кумтөр” компаниясынан башка дагы кендерди өзү иштетүүнү пландап жатат.
Ал комбинат мамлекеттик карамагына өтөрүн айтты.
“Карба-Балта тоо-кен комбинаты банкрот болду. Инвесторлор сөзүнө турбай койду. Өздөрүнүн дагы ички маселелери бар. Азыр атайын администрация иштеп жатат”, – деди Акылбек Жапаров.
Кара-Балта тоо-кен комбинаты 1955-жылы ишке кирген. Эгемендүүлүккө чейин ал уранды кайра иштеткен аймактагы ири ишканалардын бири болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика