Өзбекстанда өткөн армреслинг боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандын туусунан айырмаланган желек колдонулду. Бул тууралуу «Короче» телеграм каналы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, «Asian Cup — 2023» мелдеши Самарканд шаарында өткөн.
Анда желектердин катарында Кыргызстандын туусундагы күндүн нурлары түз болуп тартылганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, туудагы күндүн нурларын өзгөртүү боюнча сунуш азырынча парламент тарабынан карала элек. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Кореянын окуу жайындагы нурлары түз болгон Кыргызстандын туусу алынды (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз