Бишкекте жаран 10 ай аялдын жылаңач сүрөттөрүн жарыялайм деп коркутуп жүргөн

Бишкекте жаран 10 ай аялдын жылаңач сүрөттөрүн жарыялайм деп коркутуп жүргөн

33 жаштагы Т.Н. аттуу жаран опузалап 20 миң сом акчаны алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ал акыркы 10 айдан бери М.А. аттуу аялдын интимдик сүрөттөрүн жарыялайм деп  коркутуп келген.

Жабырлануучу акыркы, 1-декабрда милицияга арыз менен кайрылган. Шектүү аялдан нак сумманы алып жаткан жеринен колго түштү.

Акча опузалоо айыбы менен иш козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>