Россия 11 жылга соттолгон кыргыз жаранын КРга которуудан баш тартууда

Россия 11 жылга соттолгон кыргыз жаранын КРга которуудан баш тартууда

Россиянын Жогорку соту баңгизат менен кармалып, 11 жылга эркинен ажыратылган Самаган Матисмановдун жаза мөөнөтүн Кыргызстанда өтөөгө уруксат берүү өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Самаган Матисманов 2020-жылы камалган. Туугандары аны Кыргызстанга экстрадиция кыла албай кыйналышууда.

“Ал үйдө жалгыз бала. Эки кичине баласы, апасы оорукчан экен. Үй-бүлөсүн Самаган өзү гана багып келген. Россиянын Жогорку Соту дагы аны Кыргызстанга которуудан баш тартыптыр”, — дейт Шарапаткан Мажитова.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаеванын айтымында, 2016-жылдан бери 556 кыргыз жараны Россиянын түрмөсүнөн Кыргызстанга которулду.  Жалпысынан 1 миң 167 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>