Россияда абактан жаткан кыргыздарды мажбурлап кол койдуруп жатат (видео)

Россияда абактан жаткан кыргыздарды мажбурлап кол койдуруп жатат (видео)

Россияда абакта жаткан кыргызстандыктарды мажбурлап экстрадициядан баш тартууга кол койдуруп алышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев билдирди.

Анын айтымында, 452 жарандын  өз эрки менен жазасын Кыргызстанда өтөөдөн баш тартуусу күмөн жаратат.

“Түрмөгө киргенде эле экстрадициядан баш тарткан арыз жаздырып алышат экен. Ошондуктан бул жакта иш алып баруу керек”, — дейт Нурлан Ражабалиев.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева мындай учурлар болгонун ырастады.

“Бул боюнча бир арыз түшкөн. Ал орусча түшүнбөй кол коюп берипмин дейт”, — деди прокурор.

Депутат Медер Алиев дагы түрмөдөн жаткан кыргыз жарандарынын баары эле Кыргызстанга которулууну кааларын, алардан өтө көп кайрылуу келип жатканын белгиледи.

«Эмнеге тоскоолдук болуп жатат? Эмнеге алар өлкөсүнө которула албайт», — деди эл өкүлү.

Үмүткан Конкубаеванын айтымында, Россияда баңгизат менен соттолгондор катаал режимде кармалса, Кыргызстанга которулгандан кийин жалпы тартипте жазасын өтөп жатышат. «Бул боюнча комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатат», — деди ал.

Башкы прокуроратуранын маалыматында, 2016-жылдан бери 556 кыргыз жараны Россиянын түрмөсүнөн Кыргызстанга которулду.  Жалпысынан 1 миң 167 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>