Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Чүйдө таксинин айдоочусуна кол салуу болду. Ал бычакталып ооруканага түштү
07.12.2023 | 15:40
Аламүдүн районунун Луговое айылында такси айдоочусуна бычак сайып, тоноп кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-декабрь күнү эки жаран 52 жаштагы таксиге түшүп, 500 метр өткөндөн кийин кол салышкан.
Айдоочуга бир нече жолу бычак сайып, акчасын жана телефонун алып кетишкен. Жабырлануучу учурда Чүй облустук ооруканада дарыланып жатат.
Бүгүн кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом