«90 депутатка барганга убакытым жок». Нарматова Орунтаевге таарынды (видео)

«90 депутатка барганга убакытым жок». Нарматова Орунтаевге таарынды (видео)

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин деңгээли ээлеген кызматына дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова билдирди.

Эл өкүлүнүн пикиринде, Орунтаев өзүнүн кесиби менен милицияда иштеш керек.

«5-6 имаратты бузуп, өзү жакшы жарнама кылса эле кызматка алып барып кое бересиңерби?», — дейт ал.

Надира Нарматованын айтымында, Нурдан Орунтаев депутаттын чакыруусун бир нече жолу четке каккан.

«90 депутаттын ар бирине барганга убакытым жок дептир. Кайра-кайра чакыртып жатып келди. Колунда же калеми, же кагазы жок. Анда дагы беш мүнөт олтурбай, туруп «сизге билген кызматкерди жөнөтөм», — деп кетип калды. Мен таң калдым. Өзү ИИМдин академиясын бүткөн экен. Милиция кызматкерлерине таандык мүнөздө окшойт. Бул Курулуш агенттигинде эмес, милицияда иштеш керек», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>