«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Аскар Шадиевге таандык базар салыктан качып, ижара акысын негизсиз көбөйткөн
11.12.2023 | 14:06
Бишкектеги “Баткен-Комфорт” базары соодагерлерден мыйзамсыз акча чогултуп турган. Буга байланыштуу УКМК иш козгоп, базардын жетекчилигин кармады.
Маалыматка караганда, соода жайынын башкы директору жана анын орун басары менен бухгалтери кармалды.
Алар күзөт кызматынын акысы ижара келишимине кошулгандыгына карабай, кошумча 500 сомдон 2 миң сомго чейин акча чогултуп, жылына 3 миллион сомду мыйзамсыз топтошкон.
Андан сырткары, август айында ижара акысын негизсиз 33 пайызга жогорулатып, ири өлчөмдөгү салыкты төлөбөй жүрүшкөн.
Белгилей кетсек, аталган базар Жогорку Кеңешинин 4 чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом