Иран Ормуз кысыгын ачты — Трамптын реакциясы
Иран Ормуз кысыгы аркылуу бардык коммерциялык кемелердин өтүүсү үчүн жол ачылганын жарыялады. Бул тууралуу Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи X социалдык тармагына жазды.
Анын айтымында, өтмөк Израил менен «Хезболла» кыймылынын ортосундагы ок атууну токтотуу келишиминин калган мөөнөтүнө макулдашылган каттам боюнча ачылды.
«Бардык коммерциялык кемелердин өтүүсү ок атууну токтотуунун калган мөөнөтүнө толугу менен ачык деп жарыяланат», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бул билдирүүгө АКШ президенти Дональд Трамп жооп кайтарып, өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу Тегеранга ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, Жакынкы Чыгыштагы АКШ менен Израилдин операциясы Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин каттамынын дээрлик толук токтошуна алып келген.
Ушул убакка чейин кысык аркылуу гуманитардык жардам ташыган кемелер, ошондой эле Иран менен дос мамиледеги өлкөлөрдүн, анын ичинде Россия, Кытай, Индия, Ирак жана Пакистандын кемелери гана өтө алчу.