УКМК: “Фейсбук” аркылуу башаламандык уюштурууга үндөгөн жаран кармалды

УКМК: “Фейсбук” аркылуу башаламандык уюштурууга үндөгөн жаран кармалды

Кыргызстанда элди калайман баламандык уюштурууга үндөгөн “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү катары “Фейсбуктагы” “Айман Манап” аккаунтунун ээси,  40 жаштагы Б.Д. аттуу жаран кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, ал фейк аккаунт аркылуу башаламандык уюштурууга чакырык жасап жүргөн.

«Б.Д. аттуу жаран жашаган жеринде ыкчам тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка далил буюмдар алынды. Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>