Кыргызстан Индиянын аскердик-деңиздик машыгууларына катышуудаКазакстандагы конституциялык реформа: Парламенттин күчөтүлүшү, светтик статус жана салттуу баалуулуктарды бекемдөөБишкекте 77 жаштагы аял алдамчыларга 850 миң сом которгон. 22 жаштагы шектүү кармалдыАКШда мигранттар үчүн коммерциялык айдоочулук күбөлүктү (CDL) алуу талаптары күчөтүлдүКыргызстан боюнча пайдалуу саякаттаңыз: MBANK MTravel сервисинде 10% кешбэк ишке киргиздиКармалган дарыгер-нефролог үй камагына чыгарылды
Чек арадагы кагылышууда өрттөлүп, кароолчусу өлтүрүлгөн мектеп кайра курулду
11.12.2023 | 14:15
Баткен районунун Ак-Сай айылында Бусурманкул Ходжаев атындагы мектеп ачылды. Салтанаттуу аземге Садыр Жапаров катышты.
Ал Баткенди кайра куруу жана өнүктүрүү боюнча алдыда дагы бир топ иштер жасаларын белгиледи.
“Мен Баткен жергесинде кичинекей бир ийгилик болсо дагы кубанам. Бүгүн мына толугу менен жаңыдан курулган эки айылдын ачылышын жасап жатабыз”, – деди Садыр Жапаров.
Президенттин аймакка болгон иш сапарынын алкагында 30 социалдык объект ачылат.
Белгилей кетсек, аталган мектеп Тажикстандын 2021-жылдын сентябрь айында кол салуусу учурунда өрттөлүп, анын кароолчусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом