Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Шадиевдин “Ала-Арча” соода комплексинин бир бөлүгү мамлекетке өттү
15.12.2023 | 17:19
Бишкектеги “Ала-Арча” комплексинин 3-кабатындагы 2 миң чарчы метр аянтты мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Коопсуздук комитети аны 344 миллион сомго баалады. 3-кабатта балдар аянтчасы жайгашкан. Эми андан түшкөн каражат Бишкек мэриясынын бюджетине өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу айыбы менен 2018-жылы кылмыш иши козголуп, ал 10 жылга эркинен ажыратылган. Шадиев өзү ошол жылы эле АКШга чыгып кеткен.
“Ала-Арча” соода комплекси экс-депутаттын конфискацияланган мүлктөрүнүн катарына кирип, бирок дагы мамлекеттик карамагына өтө элек болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом