Токтогул районунда жаңы мал союучу жай пайдаланууга берилдиАдылбек Касымалиев Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жыйынына катыштыСокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда27-мартка карата аба ырайыИшкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» мурдагы башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстү
Кыргызстанда бир жумада 230 мас айдоочу кармалды
18.12.2023 | 10:08
Кыргызстанда бир жумада 230 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-17-декабрда өлкө боюнча 13 миң 967 жол эрежесин бузуу аныкталган. Алардын ичинен 195 айдоочу унааны тиешелүү документтери жок айдап жүргөн, 230 жаран мас абалда унаа башкарган, 2 миң 138 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган.
Ошондой эле:
– Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 35;
– Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 980;
– Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 миң 428;
– Автоээнбаштык – 19;
– Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 3;
– Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7 миң 939;
Жол эреже бузган 1 миң 358 айдоочунун унаасы айып короосуна токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом