Apple бүктөлмө iPhone, iPhone 18 жана жаңы Watch сааттарын сунуштады — бет ачардын негизги жаңылыктарыКырчын жайлоосунда боз үйлөр тигилген жерлерге газон себилет10-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилди
Ташиевдин кызы Сумая Барселона клубунда мыкты оюнчу аталды (видео)
18.12.2023 | 10:54
Сумая атасы Камчыбек Ташиев жана “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта менен
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 10 жаштагы кызы Сумая дагы “Барселона” академиясында машыгат. Анын футбол ойноп жаткан видеосун “Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына жарыялады.
Ал Сумая академияда өткөн беттеште “Мыкты оюнчу” деп табылганын белгилейт.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев февраль айында берген маегинде аялы менен кызы “Барселона” клубунда ойногон уулу Эмир-Хан менен бирге Испанияда жашарын кабарлаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз