Трамп ноябрдан тарта АКШ Кытайга 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирдиЖашоо кымбаттады: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомго жеттиКыргызстандык жаштар Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада ийгилик жаратыштыКыргызстандык аскерлер Өзбекстанда «Бирлик-2025» машыгуусуна катышатБалыкчыда 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылдыСоода өнөр-жай палатасы шанхайлык ири ишкананын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
Лейлекте өспүрүмдөргө нике кыйган молдо кармалды
25.12.2023 | 13:25
Лейлек районундагы мечиттин 63 жаштагы имамы кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, октябрь айында жашы жете элек өспүрүм баш кошкон. Аларга 63 жаштагы молдо нике кыйганы белгилүү болуп, Кылмыш жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) боюнча иш козголду.
Жергиликтүү милициянын билдирүүсүндө, райондо жыл ичинде башка молдорлор тарабынан 18 жашка толбогондорго нике кыйган 2 факты аныкталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом