Маркумдун жанына жарандык никедеги аялынын сөөгүн койсо болобу? Депутаттар талаша кетти

Маркумдун жанына жарандык никедеги аялынын сөөгүн койсо болобу? Депутаттар талаша кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев расмий никеси жок жубайларга дагы көрүстөндөн бир жерден орун берүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү айрымдар өмүр бою чогуу жашап, бирок никесин каттоодон өткөрүшпөгөндүгүн айтып, алардын дагы укугун коргоо керектигин белгиледи.

«Бул жерде экинчи же үчүнчү нике жөнүндө сөз болгон жок. Болгону каттоодон өтүшкөн эмес, ортодо балдары бар адамдарга дагы көрүстөндөн бир жерден орун берсек», — дейт ал.

Депутат Айбек Маткеримов Дастан Бекешевдун сунушун көп никелүүлүктү колдоо катары кабыл алды.

«Бизде үй-бүлөнү расмий каттоого каршылык жок, ал кайра мыйзам талабы. Расмий никеси туруп, үстүнө дагы 2-3 аял алып, бала-чакалуу болгондор бар. Мисалы, эркек каза болуп калды дейли. Анын артынан экинчи жубайынын көзү өтүп кетсе, аны сөөгү эмне мыйзамдуу аялдын ордуна  коюлабы?», — дейт эл өкүлү.

Марлен Маматалиев дагы демилге коомдо түшүнбөстүктөргө жана талаш-тартышка алып келерин айтып, Дастан Бекешевдон сунушун кайтарып алууну суранды.

«Эркектер ансыз деле жоопкерчиликсиз. Төрөтүп коюп, бакпай кетип калат. Анан өлгөндө чогуу жат деген туура эмес го», — дейт ал.

Белгилей кетсек, парламентте “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору  экинчи окууда каралууда. Ага ылайык  көрүстөндөн жерди алдын-ала ээлеп койсо болот. Аялы менен күйөөсүнө гана бир жерден орун берилет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>